Кыргыз саясатчылары

Коконбаев, Абдыш

активен в 1920-х
Коконбаева, Бишкек
Көчө кимдин атынан аталганы тактала элек
Архивная подпись подтверждает Абдыша Коконбаева как комсомольского руководителя в 1929 году, но не связывает его с бишкекской улицей. Лицо на групповом снимке не идентифицировано.

Булактарга өтүү

Кыргыз фотоархивинде 1929-жылы тартылган сүрөт «Тоң районунун активисттери комсомолдун райондук комитетинин биринчи катчысы Абдыш Коконбаев менен» деген жазуу менен жарыяланды 1. Бул жазуу Абдыш Коконбаевдин аты-жөнүн жана ошол кездеги кызматын ырастайт, бирок сүрөткө чогуу түшкөндөрдүн кимиси Коконбаев экенин көрсөтпөйт.

Абдыш Коконбаевдин туулган жана каза болгон даталары такталган эмес. Фамилиясы окшош башка адамдар тууралуу маалымат анын өмүр баянын алмаштыра албайт. Ошондуктан карточкада архивдеги сүрөттүн жазуусу ырастаган мезгил гана көрсөтүлдү, портрет божомол менен тандалган жок.

Сүрөттүн өзү Бишкектеги Коконбаев көчөсү Абдыштын урматына аталганын далилдебейт. Текшерилген материалдардан көчөгө ысым берүү тууралуу чечим табылган жок. Көчө Абдыш Коконбаевдин атынан коюлган деген маалымат текшериле элек деп белгиленди.

Булактар

1
Подпись групповой фотографии: первый секретарь райкома комсомола Абдыш Коконбаев, 1929 год.
Активисты Тонского района с Абдышем Коконбаевым | FOTO.KG

Чыгармалар жана материалдар

макалаГрупповая фотография активистов Тонского района, 1929